Евробиримдиктин финансы министрлери Брюсселде Грециядагы кризисти талкуулап жатышат. Дүйшөмбүдө орток валютаны колдонгон 16 өлкөнүн министрлери Афины өкмөтүнөн бюджет дефицитин жана карызын кыскартууну талап кылышкан. Грециянын финансылык проблемалары евронун арзандашына алып келди. Өткөн жумада шаркеттин лидерлери Грецияга көмөк берүүгө убада кылышканы менен, чукул акчалай жардам сунуш кылынган жок. Люксембургдун премьер-министри евро мейкиндигине кирген калган 15 өлкө Грециянын каталары үчүн төлөөгө даяр эмес деди.