Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Адвокат Н.Токтакунов сотко кайра арыз жолдоду


Адвокат Нурбек Токтакунов өкмөттүн ысык сууга, жылуулукка жана электр кубатына тарифтерди көтөрүү жөнүндөгү токтомун мыйзамсыз деп санап, 11-февралда Бишкек райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Анын өкмөттүн үстүнөн берген доо арызын аталган сот 15-феваралда кайра кайтарып берип, “өкмөттүн токтому Н.Токтакуновдун кызыкчылыгына зыян келтиргенин далилдеген жоксуңар” деген жообун берген. Адвокат мыйзамдын негизинде сотко түшүдүрмө берип доо аразын кайрадан Бишкек райондор аралык сотуна 16-февралда бергенин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG