Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Алмаз Ташиевге байланышкан кылмыш иши каралат


Ноокат райондук соту Алмаз Ташиевге байланышкан кылмыш ишин кароону улантат.
Бул туурасында Алмаз Ташиевдин жактоочусу Таир Асанов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бүгүнкү жараянда милициянын эки кызматкери: Исанов айыл округунун мурдагы аймактык инспектору Шүкүрбек Нурматов жана Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн мурдагы нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу суралат. Алар кызматынан ашкере пайдаланып, журналистке кол көтөрүп, катуу сабашкан, анын айынан Ташиев каза тапкан деп айыпталууда. 2009-жылы 4-июлда милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалган 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев эртеси күнү Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Бирок мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган. (ATo)

XS
SM
MD
LG