Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Коомдук-саясий ишмер Казы Дыйканбаев дүйнө салды


Казы Дыйканбаев 1932-жылдардан тартып эле Кыргызстандын бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарында иштеген, СССР Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. 1944-жылы Кыргыз ССРинин алгачкы тышкы иштер министри болуп иштеген. Казы Дыйканбаев 97 жаш курагында, 16-февралда көз жумду. Коомдук-саясий ишмердин көзү өткөнүнө байланыштуу бүгүн президент, кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш анын жакындарына көңүл айтуу жарыялады. Маркум менен коштошуу жөрөлгөсү 18-февралда А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрында болот. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG