Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Президент К.Бакиев Украинанын жаңы президентин куттуктады


Президент К. Бакиев Виктор Януковичти Украинанын президенти болуп шайланганы менен куттуктап, Кыргызстан эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташуусуна терең маани берерин билдирген. Мамлекет башчы ошондой эле жаңы шайланган президенттен кыргыз-украин мамилесин андан ары жакшыртарына үмүттөнөрүн маалымдап, В. Януковичтин мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми жалпы Украин элине тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү кааларын билдирген.

Украинанын жаңы президенти Виктор Янукович 7-февралдагы президенттик шайлоодо атаандашы Юлия Тимошенкону утуп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG