“Акыйкатчынын отчету жөн эле курак төшөк болуп калыптыр, анда ар бир тармактын ишине кийлигишүү көбүрөөк экен” деген пикирин билдирди “Ак жол” фракциясынын депутаты Чолпон Баекова. Анын айтуусунда акыйкатчынын отчету өтө эле үстүрт жазылып, ар кайсы министрликтерге сунуш берүүлөр менен чектелген. Депутат отчетто айтылган ар бир маалымат факты менен жазылышын талап кылды. “Кайсы тармакта, кандай системада эмне болгон укук бузуулар болуп жатканын акыйкатчы ачык көрсөтүшү керек” деп эсептейт Ч. Баекова. ЖК депутаты отчетто келтирилгендей “Жарандардын тынч пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу жаңы мыйзам акыркы үч жыл ичинде адамдардын ар кандай укук бузууларга каршы нааразылыгын билдирип чыгуусуна тоскоол болуп жатат дегенге макул эместигин кошумчалады. Ал буга каржылык-экономикалык каатчылык себеп, эл бүгүн өзүнүн түйшүгүнөн чыга албай калды деп эсептейт. Акыйкатчы депутаттын айрым пикирлерин эске аларын, ал эми кээ бирлерине кошула албастыгын билдирди. (ZKo)