Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Жалал-Абадда мыйзамсыз күркөлөр алынат


17-февралда Мэриянын жыйынында шаар көчөлөрүн мыйзамсыз күркөлөрдөн тазалоого бир апта убакыт берилди. Бул мөөнөттө милдетин аткарбаган тармактык жетекчилердин жоопкерчилиги каралаары эскертилди. Облустук оорукананын ирегеси менен Спутник кичи шаарчасында, Ленин жана башка чоң көчөлөрдө майда дүкөн-күркөлөр санитардык-архитектуралык талаптар эске алынбай курулган. Жалал-Абадда 24төн ашык дүкөн-күркө көчөгө мыйзамсыз коюлган. Бир аптада аялдамаларды да тартипке келтирүү керек. Облустагы адам укугун коргоочу “Адилеттик” уюму көчөлөрдү тарытып салынган курулуштар жарандардын жол жүрүүсүнө ыңгайсыздык жаратаарын белгилеп, өткөн жылы Мэрияга кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG