Бул туурасында жергиликтүү дыйкандар менен иш алып барган Лира Оморова “Азаттыкка” кабарлады. Өзгөчө Кемин аймагында кызылчаны себүү жогорку кызыгууну жаратып, бирок жергиликтүү дыйкандар үрөн, күйүүчү майдан кыйналышууда. Ал эми облус башчысынын орун басары Руслан Алыбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жергиликтүү бийлик “Каиңды- Кант”, “Кошой” ишкана жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп, кант кызылчасынын бир тоннасын 2800 сомдон кабыл алуу сунушун киргизип жатат. Бирок азырынча ишкана жетекчилери былтыркы келишим боюнча чийки затты 2200- 2300 сомдон гана кабыл алабыз дешүүдө. Эгер жергиликтүү бийлик менен ишкана жетекчилери бир пикирге келип күздө кабыл алуу баасы жогоруласа быйыл Чүйдөгү 11 миң гектар аянтка кант кызылчасы себилиши мүмкүн. Былтыркы жылы 5 миң гектар аянтка кант кызылчасы себилген. (JJ)