Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Журналистти өлтүрө сабагандар күнөөсүн мойнуна албай жатат


Маркум Алмаз Ташиевдин жактоочусу Таир Асанов «Азаттыкка» маалымдашынча, Ноокат райондук соту бүгүнкү жараянда кызматынан аша чаап, басма сөз өкүлүн катуу сабаган, анын айынан журналист каза тапкан деп айыпталып жаткан милициянын эки кызматкерин - Исанов айыл округунун мурдагы участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматовду жана Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн мурунку нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулун сурады. Экөө тең күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок. Буга улай окуянын он чакты күбөсү көрсөтмө берип, ички иштер органдарынын аты аталган өкүлдөрү Алмаз Ташиевдин өлтүрүлүшүнө түздөн-түз тиешеси бардыгын ырасташты.
Былтыр 4-июлда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ошентсе да, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган. (ATo)

XS
SM
MD
LG