Жогорку Административдик сот Виктор Януковичти 7-февралдагы шайлоодо жеңип чыкты деген бүтүмүн күчүнө кирбей турушуна өкүм кылды. Сот учурда Януковичтен 3 жарым пайыз менен жеңилди деп табылган өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун арызын карап жатат. Тимошенко шайлоодо көп сандаган мыйзам бузуулар болду деп ырастап келет. Парламент ушул аптада Янукович президенттик антын 25-февралда берсин деген чечим чыгарган. Административдик сот бул маселеге кийлигишип, Януковичтин ант бердирбей кое албай тургандыгын билдирди.