Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Петровка окуясы боюнча соттук териштирүү кийинки мөөнөткө которулду


Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, ишти карап жаткан судья Феликс Марлес ага 17-февралда кечинде телефон чалып, соттук териштирүүлөр кийинки жумага которулганын билдирген. “Мындай которуу Бишкекте Исмаил Исаковдун сотун тездетүү максатында жогорку бийлик тарабынан уюштурулууда. Анткени мен адвокат катар Петровка окуясы боюнча айыпталгандарды да, Исаковду да коргоп жатам. Петровкагдагы сотко катышарымды уккан бийликтегилер, аны токтотуп, Исаковдун ишин тездетүүнү көздөп жатат”,- деди Бекназаров.
Өткөн жылы апрель айында Петровка айылында орун алган массалык баш-аламандык, улут аралык жаңжал боюнча “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Уран Рыскулов жана Сапар Аргынбаев айыпталууда. Алар айыптарды четке кагып, саясий себептен улам абакка түшкөнүн айтышууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG