Соттук коллегиянын төрагасы Тилек Абдрашитов адвокат Азимбек Бекназаровдун өтүнүчүнө карабай 18-февралга прокурор, айыпталуучу Исаков жана анын адвокатынын сөз сүйлөөсүн белгиледи. Акыркы сөздөр сүйлөнгөндөн кийин судьялар өкүм чыгарууга кетишет. Ошондуктан Бекназаровдун айтымында, бүгүн Аскердик сот Исаковго байланыштуу өкүм чыгаруусу толук мүмкүн. Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Абиев Исаковду сегиз жылга кесүү, генерал-лейтенанттык аскер наамын алуу өкүмүн чыгарган.(AiT)