Мындай билдирүүнү Молдованын президентинин милдетин аткаруучу, парламент төрагасы Михай Гимпу кечээ 17-февралда жасады. Ал орус тилдүү интернет-басылмага кечээ берген интервьюда “молдовандардын румын тилинде сүйлөгөнү Молдова Румыния менен биригиш керек дегенди билдирбейт”, - деди. Гимпу мындай пикирин Румыниянын президенти Траян Бэсеску жакында Кишиневко ырасмий сапарга келгенде да айтканын баса белгиледи.
Молдованын азыркы аймагынын көбү Экинчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин Румынияга карачу. Ал жерлерди СССР согуштан кийин өзүнө кошуп алган.