Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү отурумунда “Ак жол” фракциясынан депутат Чолпон Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, Ош мамлекеттик университетинин студенттери окуу жайдын ректору Муктар Орозбековдун үстүнөн арызданып кайрылышкан. “ Ош МУнун ректору Муктар Орозбеков стденттердин жатакана төлөмдөрүн 400 сомго, контракты 24 миң сомдон 28 миң сомго кымбаттатканына студенттер жана ата-энелери нааразы болуп кайрылышты. Анысы аз келгенсип ректордун кабыл алуусуна кирүү мүмкүн эмес. Ага кириш үчүн кезекте көптөгөн саат коридордордо турушат экен”,-деди Ч.Абдуллаева. Ал өкмөттүн өкүлүнөн бул маселени тиешелүү органдар тарабынан териштирип, чара көрүүсүн өтүндү. (AJ)