Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

АКШ президентинин өкүлү Р.Холбрук Кыргызстанга келет


Мындай маалыматты “24kg” агенттиги Мамлекеттик тышкы иштер министрлигиндеги ишенимдүү булагына таянып таратты. Маалыматка караганда, 19-февралда АКШ президенти Барак Обаманын атайын өкүлү Ричард Холбрук Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Аны мамлекет башчы Курманбек Бакиев кабыл алмакчы. Ричард Холбрук АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун администрациясында жана АКШнын БУУдагы элчиси болуп иштеген. 2009-жылдан бери АКШнын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү.

Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, бул маалыматты тактап, түштөн кийин расмий түрдө таратышаарын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG