Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот


Эки тараптуу жолугушууда экономикалык кызматташтык тууралуу маселелер каралат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандагы Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко кабарлады. Анын айтымында, Орусия тараптан энергетика министри, Кыргызстан тараптан премьер-министр катышаары күтүлүүдө. Азырынча жолугушуунун так күнү белгилене элек.

Аз күн мурда Eurasianet интернет басылмасы Кыргызстандагы орус элчилигигинин 1-катчысы Виталий Скринникке таянып, Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоону токтотконун жазып чыккан. Басылма цитата келтиргендей, В. Скринник “өткөн жылы 3-февраль түзүлгөн келишимге ылайык берилген насыя акчаларды Кыргызстан максаттуу пайдаланбай, башка бир фонд түзүү үчүн колдонгонун, Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоону токтотуу ушундан улам болуп жатканын” билдирген. Азырынча В. Скринниктин сөзү расмий тастыктала элек. Кыргызстандагы Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко В. Скринниктин сөзүн тастыктоодон баш тартты. Анын айтуусунда, жакында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот, анда мына ушул насыя маселеси каралышы ыктымал. (КЕ; ZKo)

XS
SM
MD
LG