Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Баткен облусунун мурдагы губернаторунун иши сотко берилди


Баткен облусунун мурдагы губернатору Маратбек Жумабековго жана Баткен облусунун суу чарбасынын мурдагы жетекчиси Мырза Асатов менен анын орун басары А.Акматовго, башкы бухгалтери Т.Худайбердиевге байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, Баткен райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Марат Кулжабаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, Баткен облусунун мурдагы чиновниктерине Кылмыш жаза Кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык), 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (Кызматтык документтерди оңдоп жазуу) боюнча айып тагылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG