Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

К.Бакиев: Жылуулукка тарифти туура эмес эсептегендерге чара көрүлөт


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын 6-микрорайонунда жайгашкан №82 мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү уюмунун ачылыш аземинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер энергетиктер жылуулукка болгон тарифтерди туура эмес эсептешкен болсо, күнөөлүүлөргө катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Өлкө башчысы бул маселени Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигине Өкмөт менен бирдикте аталган тарифтерди аудиттен өткөрүүгө тапшырма берилгендигин маалымдады. “Ушул аудиттин ишинин жыйынтыгына жараша тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болоор-болбосу чечилет. Жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбошу да мүмкүн деп ойлойм» деди К.Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG