Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн Бишкек шаарындагы №82 мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү уюмунун ачылыш аземи учурунда билдирди. Салтанатта К.Бакиев өлкөдө 1990-жылдары жүздөгөн мектепке чейинки мекемелер, бала бакчалардын жабылып калганын, алардын имараттары ар кайсы уюмдарга берилип кеткенине токтолду. “Бир гана шаарда эмес, айылдарда да азыр бала бакчалардын таңкыстыгы байкалып жатат. Бирок биз бул маселени чечебиз” деди К.Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)