Британия жасалма паспорт чатагын иликтөөдө Израилден “кеңири кызматташууну” күтөт. Мындай билдирүүнү Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Миллебанд 18-февралда жасады. Өткөн айда Дубайда өлтүрүлгөн ХАМАСтын командирлеринин бири Махмуд Мабхухту Израилдин чалгындоо кызматы-Моссаддын агенттери өлтүрдү деген шектенүү болууда. Анткени, Дубай бийликтери жарыялаган шектүү 11 адам европалык паспортту, анын ичинде алтоосу Британ паспортун пайдаланган экен. Дубайдын полиция башчысы Дахи Халфандын сөзүнчө, ал Махмуд Мабхухту Моссаддын агенттери өлтүргөнүнө "99 процент ишенет".