Тажик бийликтери Ооганстан кайтарып берген 1500 гектар жерге өрүк көчөт отургузат. Бул жөнүндө Хатлон облусунун жетекчилиги “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Пянж дарыясынын боюндагы бул жерлер 2005-жылкы селде Ооган тарапка өтүп калган болчу. Былтыр эле Тажикстан Шурабад районунда Ооганстандан 35 миң гектар жерди кайтарып алган.