Кытай бийликтери АКШ президенти Барак Обаманын тибеттиктердин руханий көсөмү Далай Лама менен Ак Үйдө кездешкенине нааразылык билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө АКШны “эки өлкө арасындагы мамилени нормалдуу нукта” өнүктүрүүгө үндөдү. Былтыр Обама Далай Лама менен кездешпей коюп, адам укугун коргоочулардын катуу сынана кабылган.