Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

К. Бакиев: каржылык мыйзам бузуулардын алдын алуу керек


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов менен жолукту. Анда И. Гаипкулов өткөн жылдагы аудитордук иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, өткөн жылы Эсеп палатасы бир жарым минден ашуун аудитордук иш-чара өткөргөн. Анын жыйынтыгында 420 миллион сомго жакын каржылык мыйзам бузуу катталган. И. Гаипкулов мындай мыйзам бузуулардан, резервдерден жана бюджеттеги жоготуулардын эсебинен пайда болгонзыяндын 238,9 млн.сому кайтарылганын маалымдады. К. Бакиев каражаттарды толугу менен өндүрүү үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG