Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Акыйкатчынын алдындагы Укук коргоочулар кеңеши тарады


Аталган кеңеш Акыйкатчы Турсунбек Акундун бүгүнкү парламенттеги жылдык баяндамасынын кийин өзүн өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады. Анда Укук коргоочулар кеңеши менен Т. Акундун ортосунда пикир келишпестиктер жаралганы айтылат. Өлкөдөгү укук коргоо уюмдары Акыйкатчы институтуту баш болгон баардык мамлекеттик органдар менен кызматташуусун улантып маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп тураары баса белгиленген. Акыйкатчы институту азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. Укук коргоочулар кеңеши 2008-жылы түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG