Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Баткенде мугалимдердин эмгек акысы кечигип берилип жатат


Мындай маалымат бүгүн Баткен шаарында кесиптик кошундар өткөргөн ачык эшиктер күнүндө айтылды. Маалыматка караганда бул аймакта мугалимдердин маяналары кээде жарым айга чейин кеч берилип, анан да толук берилбей калган учурлар көбөйүүдө. Ошондой эле мугалимдер үчүн кереги жок болсо да мамлекеттик гезиттерге жазылууга мажбурлоо болуп жатканына нараазы пикирлер айтылды.
Каржы жаатын тейлеген жергиликтүү атка минерлер мугалимдердин маянасынын кечигип жатышы айыл өкмөттөрдөгү бухгалтерлердин сабатсыздыгынан жана жаны эрежелердин кирип жатышынан болуп жатат деген жоопту беришти.(JsA)

XS
SM
MD
LG