7-февралдагы экинчи айлампада утулуп калган өкмөт башчысы атаандашы Виктор Янукович көп сандаган мыйзам бузуулар менен жеңди деп Жогорку Админстративдик сотко кайрылган. Сот шайлоонун жыйынтыгын күчүнө киргизүүнү убактылуу токтотууга буйрук кылган. Парламент Януковичтин президенттик ант беришин 25-феврал деп аныктаган. Бүгүн Киевдеги угуунун мезгилинде Административдик соттун алдында Януковичтин 500дөй колдоочусу чогулду. Тартип коргоочулардын саны да адаттагыдан көп болду.