Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 01:23

Талиптердин таянычы НАТОнун толук көзөмөлүнө бир айда өтөт шекилдүү


НАТОнун британиялык аскер башчысы генерал-майор Ник Картердин билдиришинче, Ооганстандын түштүгүндөгү Маржа шаарын бомбалардан жана куралчандардан тазалоо иштери 25-30 күнгө созулушу мүмкүн. Аскер башчы Хелманд дубанындагы бул аймак азыр НАТОнун көзөмөлүндө экендигин бышыктады, бирок ар жерде катылган бомбалар жарылып, куралчандардын аткылоосу токтобой жатат. Бул операция башталган өткөн ишембиден бери НАТОнун 11 аскери, бир ооган жоокери каза тапты.

XS
SM
MD
LG