Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:04

Ө. Текебаев: Бийлик элдин эмес, бир үй-бүлөнүн гана камын көрүп калды


Мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 20-февралда оппозициялык БЭКтин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, азыркы бийлик өзүнүн үй-бүлөсүнүн эртеңи үчүн жалпы Кыргызстанды курмандыкка чалууда. «Бүгүнкү бийлик өзүм кетсем эмне болот деп, кыргыз элинин тагдырын ойлогон жок, менин үй-бүлөмдүн, бир туугандарымдын абалы кантет деп, бүткүл кыргыз элин, Кыргызстанды мураска калтыруунун аракетин көрүп жатат. Азыр бийлик башында отургандар демократиялык, заманбап институттардын тажрыйбасына, сунушуна таянган жери жок, алар орто кылымдардагы, феодалдык замандын социалдык институттарына таянып иш алып барып жатат. Бул кландык, регионалдык бөлүнүү, анан күч колдонуу максатында криминалдык чөйрөгө таянат», - дейт Өмүрбек Текебаев.

Анын белгилегени боюнча, Кыргызстан саясий, экономикалык жана санитардык блокадада калды, бүгүнкү күнү коңшу өлкөлөр Кыргызстанда багылган малдын этин, ал гана эмес айрым жашылча-жемиштерди да сатып алууга тыюу салышууда.

20-февралда оппозициялык БЭК кеңейтилген жыйын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкууга алган. Ошондой эле жыйында БЭК президенттин демилгеси менен уюштурулуп жаткан Ынтымак курултайына катышпай тургандыгын жарыя кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG