Полициянын башчысы Исмаил Ахмади Могадам Би-Би-Си телерадиокомпаниясын жана "Америка абазы" радиостанциясын америкалык жана британдык атайын кызматтардын бир бөлүгү деп атады жана алар менен байланышкан иран жарандарына катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Аталган маалымат каражаттарын Могадам Иранга каршы бүлүкчүл иш жүргүзүп жатат деп эсептейт.