Бул тууралуу Акыйкатчы институнун алдындагы Жаштардын жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңештин өкүлү Урмат Казакбаев билдирди. “Биз алтымыш тыйынсыз байланыш үчүн” аттуу флэш-моб акциясы 24-февралда Бишкектеги уюлдук байланыш боюнча компаниялардын имаратынын алдында болот. Ушул жылдын 1-февралынан тарта Кыргызстанда уюлдук байланыш алтымыш тыйынга кымбаттаган. Ошондон тарта жаштардын ар түрдүү нааразылык акциялары маал-маалы менен өткөрүлүп жатат. (EBM)