Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Ванкуверде Орусия менен АКШ хоккей боюнча чейрек финалга чыкты


Өткөн түнкү мелдеште АКШ конок – ээси Канаданы 5:3 эсебинде утуп алды. Муну менен ал А тобунан 9 упай топтоп, чейрек финалга чыкты. Дегеле АКШ Олимпиаданын тарыхында акыркы 50 жылда коңшусу Канаданы хоккей боюнча биринчи ирээт жеңип олтурат. В тобунан болсо 7 упай менен чейрек финалга чыгууга Орусия жетишти. Өткөн аптада Словакияга күтүүсүздөн алдырып койгон Орусия Чехияны 4:2 эсебинде утту. Кечээги оюн ошондой эле орустардын чехтер үстүнөн реванш алуусу да болду. Буга чейин 1998-жылы Наганодогу Олимпиада учурунда Орусия менен Чехия финалда беттешип, чехтер 1-0 эсебинде жеңип алган.

XS
SM
MD
LG