Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Мадейрада селдин курмандыктары изделүүдө


Португалиянын бул курорттук аралындагы ишемби күнкү суу ташкын менен жер көчкүдөн каза тапкандар саны 42ге жетти, дагы 120дан ашуун адам ар кандай жаракат алган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, дайынсыз жоголгондор бар экенин эске алганда, курмандыктар саны өсүүсү мүмкүн.

Мадейра – Португалиянын Антлантика океанында, жээктен 900 чакырымдай алыстыкта жайгашкан аралы. Өкмөт ал жакка куткаруучуларды, дарыгерлерди, суучулдарды шашылыш жөнөттү. Нөшөрлөгөн жаандан кийинки сел жана жер көчкү аралда жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды талкалап, автоунааларды агызып кеткен. Табигый кырсыктын курмандыктары үчүн португал өкмөтү үч күнгө аза күтүү жарыялады.

XS
SM
MD
LG