Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Алай: Исаковдун таламдаштары Мекенди коргоо күнүн акимчилик алдында өткөрөт


Бул туурасында оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алай райондук комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 23-февралда райакимчиликтин алдына жүздөй адам чогулуп, мурдагы коргоо министринин кыргыз армиясына сиңирген эмгегин эскерип, анын токтоосуз акталып, абактан бошотулушун талап кылышмакчы. Буга дейре аталган комитет жыйын куруп, Исаковдун башы азат кылынмайынча, нааразычылык акциясын улантышаарын, жөө жана атчан жүрүш уюштуруп, Ош - Эркеч-Там автожолун тосушаарын билдиришкен эле.

Ал эми жергиликтүү бийлик акциянын катышуучуларын сабырдуулукка чакырып, мыйзамсыз аракеттер сөзсүз жазаланаарын эскертүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG