Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Кантта Орусия аскерлеринин кызмат эрежеси өзгөрөт


Борбор Азия жаңылыктар агенттигинин Канттагы аскер базасынын командачысы Владимир Носовдун билдирүүсүнө таянып тараткан маалыматына караганда 1-марттан баштап Орусиянын Кант аба базасындагы аскерлердин үй-бүлөсү мекенине кайтарылат. Носовдун айтымында чыгымдарды үнөмдөө максатында Орусия Коргоо министрлиги чет өлкөлөрдө жайгашкан бардык аскер базаларындагы аскер кызматкерлерин үй-бүлөсүз кармоо чечимин чыгарды. Ошондой планга ылайык азыр Кантта иштеп жаткан аскер кызматкерелринин 90% мекенине кайтарылып, алардын ордуна бир жылдык мөөнөт менен жаңы аскерлер келишет.
Орусиянын 999-авиабазасы Канттагы аба майданына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында 2003-жылы сентябрда жайгаштырылган. Ал жерде 250 офицер, 150 аскер кызмат кылары мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG