Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Кар көчкүдөн жолдорду тазалоо улантылууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда Мырз-Аке –Каракулжа –Алайкуу жолу жабылып, каттам токтотулган. Жолду тазалоо иштери тынбай жүрүп жатканына карабастан 21-февралда жааган кар абалды дагы татаалдантты дейт А. Бекилов. Анын айтуусунда ушул тапта жолду кар күрткүсүнөн тазалоо иштерин атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Ош –Сары-Таш –Эркеч-Там, Бишкек-Ош жана башка жолдор ачык. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кардын көп жаашына байланыштуу тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын белгилеп, айдоочуларды талап кылынган аралыкты сактоого жана колдон келсе жолго чыкпай кое турууга чакырууда.
Февраль айынын орто ченинен тартып тынбай жааган кардын натыйжасында тоолуу аймактардагы жолдор бир нече күндөп буулуп калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG