Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Парламент өкмөттүн отчетун угат


26-февралда болуучу өкмөттүк саатта Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угат. Аталган маселе боюнча айыл чарба министри И.Айдаралиев баяндама жасамакчы. Бул жыйынга ошондой эле каржы министри, бардык облустардын губернаторлору жана башка тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери чакырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы кант кызылчасын, пахта менен тамекинин аянтын көбөйтүүнү максат кылып жатканы кабарланган. Мындан сырткары дыйкандарды Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин алдында түзүлгөн «АгроАУБ» компаниясы тарабынан күрөөсүз насыя акча менен камсыз кылуу тууралуу бийликтин убадасы бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG