Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Евробиримдик "паспорт жаңжалына" кыжаалаттыгын билдирди


“Хамастын” лидерлеринин бирин Дубайда өлтүргөндөрдөн Европа өлкөлөрүнүн паспорттору табылышына Евробиримдик “аябай кыжаалат” болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Евробиримдикте президенттик милдетти аткарып жаткан Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхель Моратинос айтты. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бул боюнча Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либермандан жооп күтүшөөрү айтылды.

Январда Дубайда Палестинадагы “Хамас” тобунун лидерлеринин бирин өлтүрүп кетишкен. Аны Британиянын, Ирландиянын, Франциянын жана Германиянын паспортторун колдонгон адамдар өлтүргөн деп айтылып келет. Дубайдын полициясы муну Израилдин тыңчылары жасаган болушу мүмкүн деген эле.

XS
SM
MD
LG