Бул тууралуу “Маяк” үналгысы Орусиянын Кыргызстандагы авиабазасынын командачысы Владимир Носовго шилтеме жасап жарыялады. Анын айтымында, орус Коргоо министрлиги чет жердеги аскердик базаларынын кызматкерлерин ушул жылдын март айынан тарта үй-бүлө мүчөлөрүсүз топтоо тууралуу чечим чыгарган. Бул чыгымдарды азайтуу максатында жасалууда, дейт В. Носов. Орусиялык авиабаза Канттагы авиациялык окуу жайдын негизинде 2003-жылы түзүлгөн. Орусия Кыргызстандын түштүк аймагында дагы бир аскердик обьект ачуу тууралуу сунуш айткан, бирок анын качан ишке ашаары азыр белгисиз. (EBM)