Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Иран уран байытуу боюнча жаңы эки жайын тоодо курат


Өлкөнүн атомдук мекемесинин башчысы Али Акбар– Салехинин кечээги билдирүүсүнө караганда, курулуш иштери Нооруз майрамы же 21- марттан кийин башталат. Уран байытуу боюнча борборлордун тоолуу аймактарга салынышынын себеби – аларды ыктымал чабуулдан коргоо. Салехинин айтымында, Иран жетекчилиги жалпысынан өзөктүк отун өндүрүү боюнча жаңы он ишкана ачууну белгилөөдө, азырынча алардын бешөөсүнүн кайда жайгаштырылары чечилди.

Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Филип Кроули Тегерандан түшкөн маалыматтарды комментарийлеп, Иран бийликтеринин планы - алар эл аралык коомчулук менен кызматташууну каалабаганынын күбөсү экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG