Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

Ооганстанда НАТОнун жаңылыш соккусунан 27 адам каза тапты


Бул тууралуу ооган өкмөтүнүн соңку билдирүүсүндө айтылат. Башында жаңылыш аба соккудан өлгөн жөн-жай тургундар саны 33 экени көргөзүлгөн эле. Окуя ушул жекшемби күнү Дай Кунди жана Урузган провинциялары чектешкен аймакта болгон. НАТОнун маалыматына караганда, альянстын аскерлери үч кичи автобус менен түз эле аларды көздөй келе жаткандарды талибдердин кошумча күчтөрү деп ойлошкон. АКШ жана НАТОнун Ооганстандагы аскерлеринин командачысы генерал Стэнли МакКристал бул трагедиялык окуяга байланыштуу кечирим суроо үчүн кечээ ооган президенти Хамид Карзай менен жолукту.

XS
SM
MD
LG