Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Саруу айылында окуучулар мектеп директорун жумуштан бошотууну талап кылууда


Саруу айылындагы Садык Сыдыков орто мектебинин жогорку классынын окуучулары 19-февралдан бери сабактан баш тартууда. Мектеп парламентинин төрагасы Айзат Казыбек кызынын айтуусунда жаңы директор Индира Бакчиева мектепке каалга менен таштанды салчу үкөк сатып алууга 500 сомдон акча чогултууну буюрган. Ошондой эле класстардын муздактыгын эске албай окуучулар менен мугалимдерди көйнөкчөн отурууга мажбурлап, окуу жана тарбия боюнча директордун орун басарларын негизсиз жумуштан бошоткон. Жаңы директордун орой мамилесине каршы чыккан окуучулар 20-22-февралдарда мектептин алдына чогулуп, сабакка кирбей Жети-Өгүз районунун билим берүү башчысы Бектур Жунушевди чакыртышкан. Райондук жетекчи окуучулардын сабактан баш тартууга укугу жоктугун айтты. Саруулук окуучулар 24-февралда сабактарын улантаарын, бирок мектеп директору Индира Бакчиева бир жумада жумуштан бошотулбаса, Билим берүү министрлигине кайрылаарын эскертишкен. Облустук билим берүү институнун директору Догдуркүл Кендирбаева жаңы буйрук боюнча арыз түшмөйүнчө мындай маселеге кийлигише албастыгын билдирди. (RB)

XS
SM
MD
LG