Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Түркияда аскерий төңкөрүш аракети үчүн шектелгендер суракта


Түркияда 50 чакты аскерий кол башчы суракка алынып жатат. Алар өкмөттү төңкөрүүнү көздөшкөн деп шектелүүдө. Кутум аракети үчүн шектелип, камакка алынгандардын арасында армиянын 14 чакты азыркы жана мурдагы жогорку даражалуу офицери бар. Прокурорлордун ырастоосунда, алар 7 жыл илгери жардырууларды уюштуруу менен баш аламандыкка алып келип, чукул кырдаал орноткондон кийин өкмөттү кулатууну пландашкан. Айрым пикирлерге ылайык, өкмөт кутум жөнүндөгү маалыматтарды оппозицияны басмырлоо үчүн пайдаланууда. 1960-жылдан бери Түркияда аскерлер 4 жолу төңкөрүш уюштурушкан. Армия өзүн өлкөнүн секулярдык түзүлүшүн коргогон күч катары сыпаттайт. Түркиянын башкаруудагы партиясы исламчыл салттары менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG