Түркияда аскерий төңкөрүш даярдаган деген шек менен армиянын элүүдөй колбашчысы ушул дүйшөмбүдө камалган эле. Алардын кеминде он төртү мурда же азыр армияда эң жогорку кызматта тургандар. Армиянын билдирүүсүндө түзүлгөн олуттуу кырдаалга баа берүү үчүн генералдар менен адмиралдардын баары кечээ Генштабда чогулганы айтылат, бирок жыйындын калган чоо-жайы маалымдалган жок. Түрк прокурорлорунун эсебинде, офицерлер мындан жети жыл илгээри армия өлкөдө өзгөчө абал киргизип, “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы башында турган азыркы өкмөттү кулаткыдай жагдай жаратуу үчүн бомба жардырууларын жасоо каралган план түзүшкөн. Бул иш боюнча тергөө акыркы эки жылдан бери жүрүп келүүдө.
Түркиядагы соңку камоолорго байланыштуу Евробиримдик тынчыздануу билдирди. Уюмдун кеңейүү маселелерин тейлеген комиссары Штефан Фюленин билдирүүсүндө бул иш боюнча сот жараянын ачык өткөрүү чакырыгы айтылган.