Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

АКШ коргоо министри НАТО “кризисте” деп эсептейт


Роберт Гейтс Вашингтондо, Улуттук коргонуу университетинде сүйлөгөн сөзүндө НАТО “олуттуу, узак мөөнөттүү жана системалуу” көйгөлөргө туш болуп жатканын белгилөө менен буларга токтолду:

-Коомдун жана саясий элитанын чоң бөлүгү аскерий күчтү жана аны менен байланышкан тобокелчиликтерди жек көргөн Европанын демилитаризацияланышы 20–кылымдын жемиши эле, бирок 21 –кылымда ал нукура коопсуздук жана бекем тынчтык үчүн тоскоолдук жасоодо.

АКШ коргоо министринин айтымында, Европа өлкөлөрү коргонуу тармагына бир нече жылдан бери инвестиция салбагандыктан улам НАТО бүгүн “кризске” кептелүүдө. Роберт Гейтс кошумчалагандай, Ооганстанда НАТО аскерлери үчүн тик учактар менен жүк ташуучу учактардын жетишсиз болуп жатышы мунун ачык мисалы жана бул көрүнүш өз кезегинде альянстын миссиясына зыянын тийгизди.

XS
SM
MD
LG