Бул тууралуу экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиев өкмөттүн 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгына байланыштуу өтүп жаткан жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда эмгек маяна 7 миң 614 сомду түзөт. Пенсияны болсо 23 пайызга көбөйтүү күтүлүүдө. Ж.Байгуттиев өткөн жылы Кыргызстандын экономикасына 450 миллион түз инвестиция түшкөнүн, тышкы соода жүгүртүү 24 пайызга төмөндөгөнүн маалымдады. Экономистер быйыл Кыргызстанда каржы кризиси бошоңдошу күтүлүп жатканын, ИДП 2 пайызга өсө тургандыгын белгилешүүдө. (AJ)