Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бажы кызматы: Казакстандан жүктөр тоскоолдуксуз келүүдө


Кыргызстандын Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Молдобаев “Азаттыкка” айтымында, коммерциялык багыттагы же кандайдыр бир шеги бар жүктөрдү Казакстандын Бажы кызматы тыкан текшерүү үчүн убактылуу кармашы мүмкүн. “Казакстандын Конусбаев жана Харгост бажы бекеттеринде кармалып турат делген жүктөрдүн ээлери Кыргызстандын Бажы кызматына ырасмий кайрылышкан жок, ошондуктан бул тууралуу толук маалымат жок. Ал эми мамлекеттик жүктөр Казакстандын бажы бекеттеринен токтоосуз эле өтүп, убагында келип жатат”,-деди А.Молдобаев.
Буга чейин “Азаттыкка” 1-февралдан бери Кытай-Казакстан чек арасындагы Харгост бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан 60тан ашуун, ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы Конусбаев бажы бекетинде дагы Араб Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан 50 чакты автомашиналар Кыргызстанга өтө албай турушканы тууралуу маалымат түшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG