Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Иранда Кыргызстандын учагын мажбурлап кондурду


Бул тууралуу “АКИ-пресс” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда 23-февралда Кыргызстан авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүн ташыган “Бишкек-Дубай”, “Дубай-Бишкек” каттамындагы “Исток-Авиа” компаниясына тиешелүү “Боинг-737-300” учагын Ирандын аба күчтөрүнүн эки тез учагы Бандар-е-Аббас шаарынын аба майданына мажбурлап кондурган. Ал жерден Ирандын атайын кызматынын кызматкерлери учактан эки жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Алар Кыргызстандын жарандары эместиги айтылууда. Учакта 119 жүргүнчү катталса, Бишкекке 117си келип түшкөн.
Иран ТВсы Кыргызстандын учагынан сунниттердин “Жундаллах” террордук уюмунун лидери Абдульмалик Риги кармалганын көрсөтүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG