Облустагы Лидер аялдар бирикмесинин төрайымы Жанна Саралаева жыл башынан бери адам сатуунун курмандыгы болгон 12 адам кайрылганын билдирди. Аларга Эл аралык миграция уюмунун эсебинен жардам берилүүдө. Казакстанда 7 жыл кул болуп, облуска кур кол кайткан жигитке кийим-кече алып берилип, документтери калыбына келтирилүүдө. Алдамчылардын тили менен Орусияда иштеген акысын алалбай келген беш кишинин жер иштетүүсүнө өбөлгө түзүлдү. Калгандары кыска мөөнөткө кесиптик окууларга жиберилди. Түркияда жыныстык зордук-зомбулукка туш болгон аялдын укугун талашууга адвокат жалданды. (YA)