Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Түркияда армиянын жогору өкүлдөрүнө айып тагылды


Түркия соту куралдуу күчтөрдүн жогорку 7 офицерине кутум уюштуруу аракети үчүн айып такты. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, алардын арасында кызмат өтөп жаткан жана отставкадагы 4 адмирал, 1 генерал жана 2 полковник бар. Мындан 7 жыл илгери өкмөттү төңкөрүүнү көздөшкөн деген шек менен 50 чакты аскердик ишмер камакка алынып, учурда сурак берип жатышат. Камоолор исламчыл салттары менен белгилүү өкмөт менен армия ортосундагы тирешүүнү күчөттү. Түрк армиясынын командачылары кечээ чогулуп, соңку кырдаалды талкуулашты. 1960-жылдан бери аскерлер 4 жолу төңкөрүш уюштурушкан. Армия өзүн өлкөнүн секулярдык түзүлүшүн коргогон күч катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG