Кытайдын бийликтеги коммунисттик партиясы паракорлук менен күрөшүү үчүн этикалык кодекс түздү. Chins Daily гезитинин жазганына ылайык, 52 пунктан турган кодексте расмий адамдарга уруксат берилбеген иш-аракеттер аныкталган. Маселен, белекке акча алуу, кызмат абалынан үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, шериктеринин кызыкчылыгында пайдаланууга тыюу салынат. Эрежелерди бузган чиновниктер катуу жазаланат. Президент Ху Цзинтао коррупция менен күрөштү приоритеттүү багыт катары белгилеген. Айрым кабарларга караганда, 1978-2003-жылдар аралыгында 4 миңдей расмий адам 50 миллиард доллардай каражат менен өлкөдөн качып кеткен.